Кыргызстандыктарга бекер паспорт берилиши ыктымал

БИШКЕК. Кыргызстандык ар бир атуул келечекте паспорт менен бекер камсыз болушу ыктымал. Ага негиз берген мыйзам долбоору Мыйзам чыгаруу жыйынынын 20-январдагы отурумунда кабыл алынды. Бул мыйзамга ылайык эгерде, кимдир бирөө өз паспортун жоготуп же бузуп алса жаңы паспорт алуу үчүн эң төмөнкү айлык акынын өлчөмүндө айып пул төлөшү зарыл.
Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын 31-декабрдагы отурумунда калкты жаңы паспорт менен камсыз кылуу маселесин караган. Жыйын соңунда кыргыз өкмөтүнүн бул багыттагы иши канааттандырарлык эмес деп табылып, атуулдарга жаңы үлгүдөгү паспортторду берүүнү токтотуп, 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду берүү жагын карап көрүү тууралуу токтом кабыл алынган.