24-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун кабарлоосу боюнча 24-январда Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Кар жаашы күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, ЫСЫККӨЛ облустарында түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу.
ЧҮЙДӨ түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска жылуу.
Ал эми республиканын ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн -2...-7 градус суук болсо, күндүз 0...+5 градуска жылуу болушу күтүлөт.
НАРЫНДА түнкүсүн -19...-24 градуска, ал эми күндүз -5тен...-10 градуска чейин суук болот.
Борборубуз БИШКЕКТЕ ала булут каптап, маал-маалы менен туман түшүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7 градус суук, күндүз 0...+2 градуска жылуу.
Күндүн узактыгы 9 саат, 38 мүнөт.

Кабарлар топтомун Айданбек Акмат уулу даярдады.

Редактору Султан РАЕВ.