Украин президенти Виктор Ющенко саясий өнөгү Юлия Тимошенкону премьер- министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады

Виктор Ющенко мындай жардыкка дүйшөмбүдө мамлекет башчысы катары алгачкы иш сапары менен Орусияга келээр алдында кол койгон. Эми Тимошенконун талапкерлигин украин парламенти бекитиши керек. Премьер- министрдин орду мурдагы өкмөт башчы, президенттикке талапкер болгон Виктор Янукович кызматтан чегингенден бери бош болчу.

Виктор Ющенко ошондой эле бүгүнкү жардыгы менен украин парламентинин вице- спикери, өзүнүн шайлоо штабын жетектеген Александр Зинченкону жаңы структура - президенттин секретариатынын башчылыгына бекиттти. Ал эми Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчылыгына Петро Порошенко дайындалды. Ющенко дүйшөмбүдө Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолуккан учурунда буларга токтолду:

-Бул менин Украинанын сыртына алгачкы иш сапарым экенин бас белгилегим келет. Бул - биздин мамилелерди жогору баалоонун белгиси. Биз Орусияны дайыма стратегиялык өнөктөш катары эсептегенбиз жана эсептей бермекчибиз деп айткым келет.

Владимир Путин өз кезегинде Украина Орусия менен тыгыз кызматташтыгы уланаарына ишеним билдирди.