28-январга аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Өлкөдөгү метео борбордон алынган маалыматка караганда, 28-январда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, ЧҮЙ өрөөндөрүндө түнкүсүн –14...-19 градуска, күндүз –4...-9 градус суук.
БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ чөлкөмдөрүндө түнкүсүн –1...-6 градус суук, күндүз –4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн –4...-9 градус, чыгыш тарабында болсо
-6дан...-11 градуска чейин суук болот. Күндүз –3 градус сууктан +2 градуска жылуу.
НАРЫН облусунда түнкүсүн –15...-20, күндүз –7...-12 градус суук.
Борборубуз БИШКЕКТЕ маал-маалы менен кар жаап, батыш тараптан муздак жел жүрүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн –15...-17 градуска ал эми күндүз -6...-8 градуска чейин суук болот.

Кабарлар топтомун даярдагандар Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана областтык кабарчылар.
Реадктору Султан РАЕВ.