1-февралда аба ырайы кандай болот?

БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 1-февралда түнкүсүн гана айрым аймактарга кар жаайт. Күндүз кар жаашы күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ, ТАЛАС облустарында түнкүсүн -20...-25 градус, күндүз -5...-10 градуска суук.
БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ аймактарында түнкүсүн -5тен...-10 градуска чейин ал эми күндүз 0...-5 градуска суук болот.
НАРЫНДА түнкүсүн -20...-25, күндүз -4...-9 градус суук.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –13...-18, күндүз 0...-5 градус суук.
Борборубуз БИШКЕКТЕ ала булут каптап турат. Кар жаайбайт.
Абанын температурасы түнкүсүн -16...-18, күндүз -7...-9 градус суук.

Кабарлар топтомун даярдагандар Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана областтык кабарчылар.
Редактору Султан РАЕВ.