Казакстанда оппозициянын беш колдоочусу камакка алынды

Казакстандын демократиялык тандоо партиясынын адвокаты Евгений Жовтис ишембиде Алматыдагы нааразылык акциясына катышкандардын бешөө 5 тен 7 күнгө чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылганын бышыктады. Казак соту аталган кыймыл өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирет деп аны жабууга өкүм кылган.

1 миңден ашык киши келген митинг соттун ушул чечимине каршы өткөрүлгөн. КДТнын өкүлдөрү келерки күндөрү дагы митингдер болот деп эскертишти.