Британиялык жоокерлер ирактык жаранды өлтүргөнү үчүн сот жообуна тартылат

“Жети жоокер өткөн жылы Ирактын түштүгүндө жасаган кылмышы үчүн аскерий трибуналда соттолушу керек”,-деп билдирди Британиянын башкы прокурору лорд Голдшмидт бүгүн Лондондо.

Британ бийликтери Ирак согушунда өз аскерлери жасаган мыйзамсыз иштерди иликтөө үчүн 160 жакын кылмыш ишин ачып, азыр тергөө жүрүүдө.

Азыр Иракта 9 миң чамалуу британиялык аскер бар.