Ирак чек арасын бекитип жатат

Ирак өкмөтү келээрки аптадан тарта өлкөнүн чек араларын толугу менен беките тургандыгын кабарлады. Кабарда айтылгандай, чек-ара февралдын 17-синен 22-сине чейин жабык болот. “Максат - ушул күндөр аралыгында өтүүчү шийилердин негизги диний майрамы болгон Ашура учурунда ирактыктардын коопсуздугун камсыз кылуу” деп айтылат Ирак өкмөтүнүн кабарында.
Былтыр Ашура майрамы учурунда жанкечтилердин бомбаларынан 180 адам мерт кеткен.