Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу Пакистанда

Ж. Строу Исламабадда Пакистандын жетекчилери менен ядролук куралдарды жайылтпоо, терроризмге каршы күрөшүү жана Пакистан-Индия аралык мамилелер боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

Строу бүгүн эле өткөн пресс-конференцияда Пакистан бийликтери илимпоз-физик Хандын чет өлкөлөргө ядролук куралдарга байланыштуу маалыматты бергенине байланыштуу чатакты “кылдат иликтеп” чыккан. Хандын айыбын президент Мушарраф былтыр кечирген.

Тышкы иштер министри Куршид Касури Пакистан ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча өз милдеттенмесине бекем тураарын жана дагы ушундай чатак билинсе, ал тууралуу маалыматты Британия жана АКШ менен бөлүшөөрүн билдирди.