19-февралдагы аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 19-февралда республика боюнча күн ачык болот. Айрым аймактарга туман түшөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, ЧҮЙ облустарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -4...-9 градус суук.
Республиканын түштүк аймагында жайгашкан ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН дубандарында түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -9...-14, чыгыш тарабы -15 градустан -20 градуска чейин суук болот. Күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылуу.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн -26...-31, күндүз -9...-14 градус суук.
БИШКЕК шаарында түнкүсүн жана таңга маал туман түшөт. Батыш тараптан муздак жел жүрүп, түнкүсүн -18...-20 градуска ал эми күндүз -4...-6 градустун айланасында суук болушу күтүлөт.
Күндүн узактыгы 10 саат, 44 мүнөт.

Кабарларды Айданбек Акмат уулу, Бүбүкан Досалиева жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова