Аксыда да митинг

БИШКЕК. 21-февралда Аксы районунун Каражыгач айлында беш миңге чукул адам катышкан митинг болду. Анда адилет шайлоону камсыздоо жана «МСН» гезитин коргоо талаптары айтылды. Бул тууралуу 22-февралда Аксыдан Тажимамат Туралиев кабарлады. Анын айтымында, митинг учурунда жаштардын «Келкел» уюмунун Аксы райондук бөлүмү да түзүлдү. Көз карандысыз булактар Каражыгач айылындагы митингге 2,5 миңдей адамдын катышканын кабарлашууда. Жыйында райондун акими Анаркул Шырдаков баш болгон жетекчилер да болушкан.