Эркин басма үйү “Түндүк-электр” ишканасын сотко бериши күтүлүүдө

БИШКЕК. Бишкектеги көз карандысыз эл аралык басма үйүнүн директору Андрей Миясаровдун “Азаттыкка” 23-февралда билдиргенине караганда, көз карандысыз басма үйү жаңы подстанция коюп, электр кубатуулугун үзгүлтүксүз берип туруу үчүн “Түндүк-электр” ишканасы жана мамлекеттик агенттиктин алдындагы энергокөзөмөл менен келишим түзүү боюнча документтерин жолдогон. Бирок аталган мамлекеттик мекемелер эч бир себепсиз басма үйү менен келишим түзүүдөн баш тартышкан. Ал эми бул кырдаалдан чыгуу үчүн басма үйүнө кубаттуу генератор коюла тургандыгын Андрей Миясаров маалымдады. Анын айтымында, басма үйүнө электр кубатынын берилбей жатышынын артында саясий кызыкчылык жатышы ыктымал. Анын кесепетинен 40 ашуун басылма жана буклеттер басмаканадан чыкпай калган. Буга байланыштуу эркин Басма үйүнүн жетекчилиги “Түндүк-электр” ишканасын сотко берүүнү көздөөдө. 22-февралда Бишкектеги көз карандысыз эл аралык басма үйүнө электр жарыгын берүү токтотулуп, шаршемби күнү кечинде гана берилди.