«Азаттык» радиосун уктуруу токтотулду

БИШКЕК. Эл аралык «Азаттык» радиосу 2005-жылдын 24-февралынан тарта "Кыргызтелеком" акционердик коомунун алдындагы радио өндүрүш түйүнүнүн УКВ(ультра кыска толкун) жана орто толкундарынан уктурулбайт. Бул тууралуу 24-февралда аталган радиого өндүрүш түйүнөн кабарлашты. Кыргызстандын аткаруу бийлик өкүлдөрү «Азаттык» радиосунун жергиликтүү радио толкундардан уктурулбай калышын УКВ, ЧМ жана орто толкун радиожабдууларды ижарага берүү максатында 10-мартка чейин аукцион өткөрүү иш- чарасы менен байланыштуу деп түшүндүрүштү.