Молдовада парламенттик шайлоо өтүүдө

Нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу күндүн алгачкы жарымында элдин активдүүлүгү төмөн болуп жатканы кабарланган эле. Бирок түштөн кийинки маалыматтарга караганда өлкө боюнча элдин дээрлик 50%га жакыны добуш берүүгө үлгүргөн. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Петру Райляндын билдиргенине караганда, түш оогонго чейин түндүк тарапта айыл жерлеринде калктын 47%ы добуш берсе, башкалаа Кишеневдо бул көрсөткүч 15%ы эле түзгөн. Молдовада добуш берүүгө укуктуулардын саны 2,3 миллондой. Шайлоо өттү деп табылыш үчүн алардын 50%дан ашууну добуш бериши керек.

Парламенттеги 101 орун үчүн 1100дөн ашуун талапкер, тогуз саясий партия, эки шайлоо блогу атаандашып жатат. Өлкө президенти Владимир Воронин лидерлик кылган Коммунисттик партия, Демократиялык Молдова блогу менен Христин-демократиялык элдик партия башкы атаандашттар катары каралууда.