КОШ ЖАРАНДЫК КЕРЕКПИ, КЫРГЫЗДАРДЫН САНЫ КАНЧА, АССАМБЛЕЯНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?

Бийлик менен элдин жаракасы күндөн-күнгө кеңейип баратканы, шайлоого нааразы болгондордун саны арбып баратканы кийинки кездери арбын жазылууда. Мезгилдүү басылмалар улут көйгөйү, атуулдук позициянын ачыктыгы жайында материалдарга да кеңири орун берүүдө.
Шайлоого нааразы болгон калк жолду тосушунан элдин өзү эле азап тартып жатканына жума күнкү «Агым» гезитинде Арслан Сартпаев «Жарака» деген макаласында токтолгон. «Элге карата мындай баш көтөргүс сокку өлкөбүздүн туш тарабынан курчуп баратканы, акаевдик бийликтин аягы «канга» айланып баратканынын айгинеси…» Мунун себеби «мурдунан сүйрөтмө талапкерлерди парламентке апкелүү бүт кыргызстандыктарга жакпай туру, натыйжасын көрүп жатабыз», деп жазат А.Сартбаев.

Маалымдоо каражаттарынын көбүнө ээ болуп алган бийлик ээлери шайлоодон кийин «баарын унутуп коюшат: шашылыш түрдө жар салынган программаны да, сени да, мени да, ошондой эле аларга ишенип азгырылгандарды да» , деп жазат белгилүү дарыгер Жеңишбек Назаралиев «Мээбизге чай кайнатып жатышат» деген макаласында.

Айтса, айтылуу дарыгердин элге кайрылуусуна үн кошуулар жума күнкү «МСН», «Трибуна» гезиттеринде жарыяланууда. «МСН» басылмасынын жаңы санында Бермет Букашеванын «Эмне кылганыңарды билесиңерби? Силер өлкөнү 200 сомго сатып ийдиңер» деген макаласы да басылууда. Журналист Замир Өсөровдун Жалалабаттан, Р.Приживойттун парламент депутаттарынын Бишкектеги жыйынынан репортаждары, Г.Кузьминдин президенттин үй-бүлөсүнө тийиштүү үйлөр тууралуу макаласына да гезиттин жаңы санында орун берилген.

«Азыр Кыргызстанда 3 миллиондон ашык кыргыз бар имиш. Бирок үч миллиондун 1 – 1,5 миллион эсебиндегиси башка өлкөлөрдү карай жылдан-жылга сүрүлүп кетип аткандар. Анан калса алардын арасында башка өлкөнүн жарандыгын алууга куштарлангандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатканы эмнени каңкуулайт? Эгер кыргыз көчү ушуну менен дагы токтобосо эмне болот?» деп суроо коет Олжобай Шакир «Кыргыз канткенде көбөйөт?» деген макаласында. Ал «Бишкек таймс» гезитинин жума күнкү санында жарыяланууда.

Ушул эле гезитте Эмилбек Момуновдун «Кыргызстан менен Орусияга кош атуулдук керекпи?» деген макаласына да орун берилген. «Бүгүнкү күндө 700 миңге жакын кыргыздар кең Орусиянын ар кайсы бурчунда иштеп жана соода-сатык кылып жүрүшөт. Бул ар бир үй-бүлөдөн жок дегенде бирден адамга туура келет. Акыркы маалыматтарга ылайык он миңге жакын мекендешибиз Орусиянын атуулдугун алган жана Кыргызстанга келүүгө ниети жок», деп жазат Э.Момунов.

Айтса, Өзбекстандын атуулу болуп туруп Кыргызстандан депутаттыкка өтүп кеткен «Алга, Кыргызстан!» партиясынын мүчөсү А.Хакимовдун чатагына «Агым» гезити токтолду. «Угушубузга караганда, А.Хакимовдун атаандаштарын оңой гана жеңип өтүп, биринчи турдан эле депутат болуп кетишине «Алга, Кыргызстан!» партиясына мүчө болгону жардам берген имиш. Кап, атаңгөрү, муну билгенде Р.Отунбаева, М.Шеримкулов деле «күнайымдын» партиясына мүчө боло коюшса болмок экен…», деп жазат Эркин Пиримов.

Жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Кыргызстан эли ассамблеясынын иши тууралуу макала жарык көрүүдө. 31 улуттук-маданий борборлордун башын кошкон ассамблеяда улуттук азчылыктардын тилин, маданиятын өнүктүрүү боюнча биртоп иштер жасалганы менен мамлекеттик тилди жайылтуу, башка улуттарды интеграциялоо аракети жасалбайт. Ал кайсы бир саясий иш-чарага үн кошууга гана чакырылган уюм. «Мындай бюджетти, ишкерлерди соргондон башка эч нерсеге жарабаган «ашка жүк, башка жүк» уюмдун кимге кереги бар?» деп суроо коет гезит авторлору.

10-мартка чакырылган парламент жыйыны өтпөй калганы жума күнкү «Аалам» гезитинде К.Арыкбаевдин макаласында козголгон. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнө жайылган элдик нааразылыктар А.Надырбекованын «А.Акаев отставкага кетеби?» деген макаласында баяндалган.

Жеңишбек Назаралиев баарына кол шилтеп койгон коомдун жарасын чукуп алыптыр, деп жазат бейшембидеги «Трибуна» гезитинде Н.Кузьмин.