Кытайдын парламенти президент Ху Цзинтаону Борбордук аскерий комиссиянын төрагасы кылып шайлады. Буга чейин комиссияны мурдакы президент Цзян Цземин жетектечү. 2002-жылы Компартиянын төрагасы шайланган Ху Цзянтао ошентип партиялык, аскерий жана мамлекеттик бийликти толук колуна алды. Цзян президенттикти 2003-жылдын мартында өткөрүп берген эле.