Орусиянын адам укугун коргоочу уюмдарынын биргелешкен билдирүүсүндө айтылгандай Аслан Масхадовдун сөөгүн туугандарына берилбей жатышы - маскарачылык. Орус аскерлери чечен козголоңчуларынын лидерин өткөн аптада Чеченстанда атайын операция учурунда жок кылган. Орус бийликтери Масхадовду террорчу деп эсептегенден улам анын сөөгүн туугандарына берүүдөн баш тартууда.