Жалалабатта элдик кеңеш түзүлдү

БИШКЕК.15-мартта Жалалабат шаарында өткөн элдик курултайда Жалалабат облусунун элдик кеңеши түзүлдү. Курултайдын катышуучулары элдик кеңештин төрагалыгына Жусупжан Жээнбековду шайлап, кеңештин курамы 19-21 адамдан болсун деген чечимге келишти. Курултайда кеңештин төрагасы облустук ички иштер башкармасы менен облустук телевидение элдик кеңешке баш ийсин деп кайрылды. Эми элдик курултайды 17-мартта Талас облусунда, 19-мартта Ош облусунда, ага чейин Баткен облусунда, андан кийин башка аймактарда өткөрүү чечими да кабыл алынды. Мындай маалымат Кыргызстан элдик кыймылынын өкүлү жана «Эрк» партиясынын төрагасы Бектур Асановдон алынды.