Израилдин аскерлерлери Иерихон шаарынан чыгып кетишти

ИЕРИХОН. Израил Иордандын батыш жээгиндеги Иерихон шаарынан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетип, шаарды Палестин автономиясына өткөрүп берди. Шаардын чет жакасындагы аскердик поссто өткөрүлгөн расмий жөрөлгөдө Израиль менен Палестин автономиясынын генералдары кол алышып, шаардын палестиндердин карамагына өткөндүгүн жарыялашты. Иордандын батыш жээгиндеги беш шаарды палестин автономиясынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим эки тараптын февраль айында өткөн саммиттинде жетишилген.