Кадамжай райондук администрациясын эл ээлеп алды

БИШКЕК. 22-мартта 300дөй адам Баткен облусундагы Кадамжай райондук администрациясын ээлеп алды. Район жетекчилери эч кандай каршылыксыз имараттан чыгып кетишкен. Райондук администрацияны ээлеген атуулдар президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда.