Саакашвили Казакстанда мамлекеттик визит менен жүрөт

Грузиянын президенти Астанага кечээ келген эле, бүгүн ал президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда. Итар-Тасска ылайык эки жетекчи кызматташтык, терроризмге каршы күрөш, маңзаттарынын аткезчилиги, уюшкан кылмыштуулук өңдөнгөн келишимдерге кол коюшат. Саакашвили Казакстандан бүгүн эле кайтып кетмекчи.