Евробиримдик президенттик шайлоо өткөрүүгө көмөктөшөт

Бул жөнүндө Европа Комиссиясынын тышкы байланыштар боюнча директорунун орун басары Майкл Ли өлкөнүн президентинин милдеттерин аткаруучу Курманбек Бакиев менен болгон жолугушуусунда билдирди. Майкл Ли мырза белгилегендей, Европа Комиссиясы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстанда президенттик шайлоо жогорку деңгээлде өткөрүлүшүнө көмөк көрсөтөөрү жөнүндө билдирди. Ал ошондой эле Европа Биримдиги тарабынан Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү, өлкөдө административдик, билим берүү жана башка тармактарда реформаларды жургузүү үчүн да жардамдар көрсөтүлөт деп билдирди.