Россия, Өзбекстан Кыргызстанга гумжардам берди

БИШКЕК. 10-мартта Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанга «Памир» үлгүсүндөгү 150 даана чатыр, көчүп жүрүүчү эки электрстанция алып келип берди. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Россия бул жардамды 24-марттагы окуяга байланыштуу тапшырды. Ушул эле күнү Өзбекстан жер семирткич, курулуш материалдары, пахтанын үрөнү өңдүү гуманитардык жардамдарды берди. Төрт вагонго жүктөлгөн бул жүк темир жол аркылуу Ош шаарына түштү.