А.Мадумаров президенттик шайлоого талапкер катары катышпайт

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышпасын 19-апрелде билдирди. Анын айтымында, мындай чечимге ал өлкөдө биримдүүлүктү сактоо максатында барды жана шайлоодо Курманбек Бакиевге ар тараптан жардам бермекчи. Адахан Мадумаров буга чейин президенттик шайлоого барарын жарыялаган эле.