Ыңкылаптын бир айлыгы белгиленет

БИШКЕК. 24-апрелде Кыргызстандагы ыңкылаптын бир айлыгына карата салтанат “Аккула” ат майданында өткөрүлөт. Анда көкбөрү, аламан байге сыяктуу ат оюндары көргөзүлүп, атайын даярдалган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүшү күтүлүүдө. Бул иш чараны Үй куруучулар ассоцациясы уюштурууда.
Мындан туура бир ай мурда 24-мартта Бишкекте митинг өтүп, ал Өкмөт үйүн алуу менен аяктаган. Мурдакы президент Аскар Акаев Казакстан аркылуу Орусияга өтүп кеткен жана кийин ал президенттик кызматтан өз арызы менен кетүүгө аргасыз болгон.