КДК КЭКтин курамынан чыгып кетти

БИШКЕК. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» саясий партиясы Кыргызстан элдик кыймылынын курамынан чыкты жана партияны саясий кеңештин мүчөсү Жыпар Жекшеев убактылуу башкара турган болду. Мындай чечимди партиянын саясий кеңешинин кезектеги отуруму кабыл алды. Ал эми партиянын мурдагы жетекчиси Виктор Черноморец жетекчиликтен да, мүчөлүктөн да өз каалоосу менен баш тартты. Муну Черноморец өзүнүн саясий көз карашы менен байланыштырып, Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү катары ишин улантаарын билдирди. Анын айтымында, КДКнын саясий кеңешинин басымду бөлүгү Курманбек Бакиев жетектеген азыркы өкмөттүн саясатына сынчыл мамиледе болууда.

Ушул эле күнү Жыпар Жекшеевдин билдиргенине караганда, партия көз карандысыз иш алып барат. КДК 30-апрелде кезексиз курултай өткөрүп, анда саясий кырдаалга баа берип, келерки президенттик шайлоого көз караштарын айтат, партиянын саясий кеңешин кайра шайлоо болот. КДК демократиялык кыймыл катары 1990-жылы негизделип, кийин саясий партия катары кайра түзүлгөн. Анын азыр 15 миң мүчөсү бар экендиги айтылып жүрөт.