«Азаттыкка» кечээ берген интервьюсунда Кыргызстандын экс-президенти прокурордун кызматын аткарып жаткан Азимбек Бекназаровдун "Аскар Акаев шайлоону бурмалоого түздөн түз катышкан, анын өкмөтчүл талапкерлерге бөлгөн акчалар боюнча өзү жазган китепчеси болгон" деген айыптоосун мындайча четке какты. Экс-президенттин кызы Бермет Акаева өткөн аптада «Азаттыкка» "атам да, мен да бизнеске аралашкан эмеспиз, менин өмүрлүк жарым Адил Тойгонбаев мыйзамдын чегинде бизнес жүргүзүп, Кыргызстанга инвестиция алып келген" деп ырастаган эле.