Евросоюз менен Пакистандын сүйлөшүүлөрү аяктады

Тараптар өз ара байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты. Пакистандын тышкы иштер министри Хушид Касури сүйлөшүүлөр аяктаган соң Люксембургда жасаган билдирүүсүндө уран байытуу ишинен Иранды айнытуу үчүн Евросоюз жасап жаткан кадамдарды Исламабад колдой тургандыгын ырастады. Өткөн аптада Европарламент пакистандык делегациянын составында “Талибан” кыймылын колдогон сенатор болгондуктан исламбаддык коноктор менен жолугуп, сүйлөшүү өткөрүүдөн баш тартып койгон эле.