ЭТА тобунун эки мүчөсү Францияда кармалды

Операцияны француз полициясы Испаниянын атайын кызматтары менен биргелешип өткөрдү. Испаниянын ички иштер министрлигинен ырасташкандай, эки өлкөнүн полициясы быйыл баск-сепаратисттеринин ЭТА уюмунан элүү алты адамды кармап, камады.