Согуш ардагерлери акчалай жана социалдык жактан камсыздалууда

БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү Улуу Ата мекендик согушта жеңген күндүн 60 жылдыгына байланыштуу согуш ардагерлерине жана оорукта иштегендерге 130,1 миллион сом пособие жана 6,6 миллион сом материалдык жардам чегерди. Мындай мүмкүнчүлүктөн 29 миң согушка катышкан жана оорукта иштеген ардагер пайдаланды. Бул тууралуу жума күнү уюштурулган маалымат жыйынында вице-премьер-министр Ишенгүл Болжурова маалымдады. Вице-премьердин айтымында өкмөт 10-майга чейин Улуу Ата мекендик согуштун 16 миң ардагерине 1000 сомдон бир жолку пособие берүүнү көздөп жатат. Буга байланыштуу убактылуу өкмөт башчысы Курманбек Бакиев согуш ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө 21-апрелде жардык чыгарган.
Болжурованын айтымында, Кыргызстан ошондой эле Шериктеш мамлекеттер башчылар кеңеши бекиткен программаны ишке ашырып жатат. Улуу Жеңиштин Москвада өтө турган салтанатына Кыргызстандан 5 ардагер катышат.