Иракта террор токтой элек

Ирактын Мосул шаарында бүгүн жарылган бомбадан бир карапайым аял набыт кетип, дагы төрт америкалык аскер жараат алды. Багдад шаарындагы полиция түйүндөрүнө бир нече чабуул жасалды жана кеминде бир полициячы өлдү. Кечээ күнү өлкөнүн ар башка аймактарында болгон жардыруулар жана куралдуу кагылышуулардан кеминде 50 адам курман болуп, жүздөн ашык киши жараат алды.