Ташкенде нааразылык митинги болуп өттү

Жүзгө жакын адам бүгүн Ташкендеги АКШ элчилигинин алдына чогулуп, Өзбекстандагы адам укуктарынын бузулушу жана сөз эркиндигинин жоктугуна каршы нааразылык билдирди. Чогулгандардын арасында - жеке менчик айыл чарба фермасын 1999-жылы өкмөт тартып алган Баходыр Чориев деген адамдын жактоочулары да болду.