Кыргызстандын келечеги иликтенүүдө

БИШКЕК. Экономика, саясат таануу, укук, мамлекеттик башкаруу илимдери жана ишкерлик боюнча кесипкөй адистерден турган 14 эксперттик топ Кыргызстандын саясатын турукташтыруунун кыска мөөнөттүү программасын даярдоого киришти. Бул тууралуу эксперттик топтун өкүлдөрү 3-майда маалымат беришти. Программа турукташтыруу жана өнүктүрүү, экономикалык солгундоонун алдын-алуу, коомдук коопсуздук жана мамлекеттик башкарууну өзгөртүү деген төрт багытта даярдалып, азыркы кырдаалдан чыгуу жолдору көрсөтүлөт. Эксперттер программаны 14-майга даяр кылып, аны мындан ары колдонуу үчүн өкмөткө, парламентке, саясий партиялар менен коомдук уюмдарга сунушташат жана элдин талкуусуна коюшат. «Реформалардын форуму» аттуу бол долбоорго зарыл 70 миң доллар менен «Сорос-Кыргызстан» фонду каржылоодо.