Ф.Кулов: «А.Акаев менен эч кандай байланышым жок»

БИШКЕК. «Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов 10-июлдагы президенттик шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн президенттикке талапкерлер шайлоону адилет жана ачык өткөрүүгө мидеттенген орток меморандумга кол коюшу өтө зарыл деген пикирде. Кулов мындай пикирин 3-майда «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Анын билдирүүсү боюнча шайлоонун калыс өтпөшүнө шайлоочулардын тизмесин, айрыкча, чет өлкөдө жүргөн атуулдардын санын тактоого убакыттын тардыгы, жогорку окуу жайлардын студенттеринин каникулга кетиши өбөлгө түзөт. Феликс Кулов мындан тышкары экс-президент Аскар Акаев менен эч кандай байланышы жок экендигин жана ал түрмөдөн чыккандан кийин Акаев ага өзү телефон чалгандыгын билдирди. Феликс Кулов ошондой эле март ыңкылабында бардык саясий партиялар зор роль ойноду деп баа берди. Премьер-министр Курманбек Бакиев да улуттук телекөрсөтүүдөн Феликс Кулов менен жигиттик макулдашуу түзүү тууралуу сүйлөшүшкөндүгүн билдирген.