Освенцим шаарында Холокосттун курмандыктары эскерилди

Кечээ күнү дүйнөдө Холокост күнү - Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жөөттөрдүн кырылганын эскерүү күнү белгиленди. Польшанын түштүгүндөгү Освенцим жана Биркенау шаарларында 20 миң адам чогулду, алардын алдында Израил менен Польшанын премьер-министрлери чыгып сүйлөдү. Согуш учурунда фашисттер тарабынан 6 миллион жөөт өлтүрүлгөн, алардын бир миллиону - Биркенаудагы меште өрттөлгөн.