Каирде өрт чыгып, жүзгө чукул дүкөн күлгө айланды

“Тилсиз жоо” кайдан чыкканы жана андан канча киши жабыр тартканы айтылган жок. Кабарларга караганда, өрт шаардын эң көөнө - тарыхый районунда болгон. Он бешинчи кылымда курулган атактуу ал-Аскар мечитине “тилсиз жоо” эч кандай зыян келтире алган жок, деп айтылат кабарларда.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Эсенбай Нурушев даярдады