Роза Отунбаева Кытайга барат

БИШКЕК. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева 10- майда Кытайга барат. Эки күндүк иш сапар учурунда Кыргыз тарап буга чейин эки өлкө ортосунда кол коюлган келишимдер күчүндө экенин билдирип, элдик ыңкылаптан кийинки өкмөттүн иш- максаттары менен тааныштырат. Роза Отунбаева 8- майда Азаттыкка берген маегинде билдиргенге караганда, кытай тарап каржылоого макул, бирок бизнес- планы даярдала элек Ош- Кашкар темир жол долбоору, Ош- Эркечтам автожолун куруу маселесин да талкууланат. Ошондой эле бул сапарда Кыргызстан менен Кытай ортосунда соода карым- катышы, Кытайга электр кубатын сатуу маселеси, Токмоктогу кардон чыгаруучу кыргыз-кытай фабрикасынын тагдыры тууралуу да сөз козголот.