Анжелина Жоли ооган качкындарына жардам берүүгө чакырды

Бириккен Улуттардын качкындар боюнча Акниет элчиси болгон Голивуд жылдызы Пакистанда жашап жаткан 3 миллиондон ашык ооган качкындарын мекенине кайтарууга эл аралык коомчулуктан жардам сурады. "Качкындардын балдары мектепке барышы керек, алар саламаттык кызматтарына муктаж" деп айтты Жоли кечээ Исламабаддагы пресс конференцияда.