Адам укуктары боюнча президент алдында комисия кайра түзүлдү

БИШКЕК. Адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссия президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен кайрадан түзүлүп, анын жетекчилигине белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун дайындалды. Бул тууралуу укук коргоочу 10-майда билдирди. Анын айтымында, маяна алуу менен туруктуу түрдө комиссия аппаратында 2-3 киши иштейт. Ал эми комиссия мүчөлүгүнө коомчулукка белгилүү инсандар тартылып, алардын саны 10-15 киши болмокчу. Адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссия 1990-жылдардын аягында түзүлүп, анын башчылыгына азыркы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу дайындалган эле.