Пикетчи аялга кылмыш иши козголду

БИШКЕК. 22- апрелден бери Жогорку сотту ээлеп турган пикетчилердин бирине кылмыш иши козголду. Эки күн камакта жатып чыккан Жамила Бабанова 15- майда президенттин алдындагы адам укугу боюнча комисиянын жетекчиси Турсунбек Акунга жардам сурап кайрылды. Жамила Бабанованын айтымында, 12- май күнү Жогорку Кеңештин жанындагы Курманбек Осмоновдун отставкасын талап кылган пикет учурунда милициялар аны сабап, күч менен салып кетишкен.

Анын милицияларды жулмалап, кийимдерин тытып, бетине түкүргөнү кылмыш кодекси боюнча коомдук тартипти бузуу катары бааланып, кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Жогорку соттун имаратын учурда беш округдун шайлоочулары ээлеп турушат. Жамила Бабанова 21-Токтогул шайлоо округунан келген.