Челябинскиде орус жана казак президенттери жолугушту

Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев эки тараптуу мамилелердин бир катар маселелерин талкуулашты, алардын ичинде чек аралардагы карым-катнаш жөнүндө сөз болду. Мындан тышкары лидерлер быйыл жайда Астанада өткөнү жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу да маселелерди карашты.