Грузиянын НАТОго кошулуу дымагы ишке ашчудай болууда

Грузия 2006-жылдын күзүндө НАТОго мүчөлүккө ырасмий талапкер болуп калышы ыктымал. Мындай билдирүүнү Грузиянын коргоо министри Ираклий Орукашвили кечээ кечинде Брюсселде НАТОнун башкеңсесинде болгон кездешүүдө жасады. НАТОнун башкатчысы Яап де Хоп Скефер ырасмий Тбилисинин россиялык эки аскерий базаны Грузиядан тез чыгаруу аракетин колдоду.