Ташкенде Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна каршы пикет болду

Маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, Анжияндагы абал азыр тынч, шаардык мечитте жума намаз өткөрүлдү. Анткен менен шаар көчөлөрүндө аскерий күзөт дагы эле бар. Өкмөттүн айтымында, 13-14-май күндөрү болгон куралдуу кагылышууларда 169 адам набыт кеткен, укук коргоо уюмдарынын маалыматтарына караганда, аскер элге каршы ок аткандан өлгөндөрдүн саны миңден ашык. Ташкенде болсо бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун кеңсесинин алдында каршылык пикети өткөрүлдү, анткени Өзбекстандын өкмөттүк гезиттери Анжиян окуялары боюнча бул уюм өзбек өкмөтүн колдойт деп жазып чыккан, бирок уюмдун Өзбекстандагы өкүлү Мирослав Йенка аны жокко чыгарды:

- Бизге айтылганга караганда, Анжиянда эч кандай демонстрация өткөн эмес. Аны бизге ички иштер министри Алматов жана башкалар айткан. Гезитте дагы бизге ошентип айтылган деп жазылып турат, биз ошентип айтканбыз деп жазылган жок, - деди бүгүн Йенка.

Пикеттин катышуучулары андан тышкары кечээ күнү кармалып кеткен сегиз адамдын бошотулушун дагы талап кылды.