Бакиев Венага барат

БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев 30-майда Вена шаарында Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун туруктуу кеңешинин атайын жыйынына катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен 21-майда кабарлашты. Маалыматка караганда, ЕККУнун жыйыналышында Бакиевдин сөз сүйлөп, өлкөдөгү кырдаал боюнча маалымат берүүсү белгиленүүдө.