Москвада Ислам Каримовдун бийлигине каршы митинг өттү

Бүгүн Москвада Өзбекстандын элчилигинин алдында өзбек бийликтеринин Анжияндагы аракеттерине нааразылык билдириген чакан акция болуп өттү. Ага өзбек диаспорасынын , "Эл Аралык Мунапыс" уюмунун жана"Мемориал" укук коргоо уюмунун өкүлдөрү, баары болуп 20дай киши катышты. Митингчилер"Каримов соттолсун!", "Өзбек Пиночети жоголсун!" деген плакаттарды көтөрүп турушту.