Москвалыктар сыналгыдагы цензурага нааразылык билдиришти

Москванын Останкино телеборборунун жанында сыналгыдагы цензурага каршы 2 миңдей адам катышкан демонстрация өттү. Франспресс агенттиги акцияга жаш оппозициячыл топтор, оппозициялык партиялар жана экстремистчил Большевиктер партиясынын согушчандары катышканын маалымдады.

Учурда Москвада жалгыз гана “Эхо Москва” көз карандысыз радиосу бар.