Орусияда адам укуктарынын абалы жакшыртылат

Москвада Еврокеңештин адам укуктары боюнча мекеме башчысы Альваро Хил-Роблести кабыл алып, президент Владимир Путин ушундай убада берди. Европалык эксперттер даярдаган докладды Путин катаң апазда, бирок абдан калыс жазылган документ деп атады. Документте Орусиядагы укук системасына, Чеченстандагы абалга, дин жана басма сөз эркиндигине өзгөчө көңүл бурулган.