Өзбекстандык качкындар көчүрүлө элек

БИШКЕК. Кыргызстан бийлиги Сузактагы өзбекстандык качкындарды көчүрүүгө жер караштырууда. Бул тууралуу Кыргызстан чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абсабир Эрежепов билдирди. Анын айтымында, Сузакта учурда 482 өзбекстандык атуул кармалып турат. Эки күн мурда 6 окуучу, эки аял жана бир киши өз эрки менен Өзбекстанга кайтуу ниеттерин жазуу түрүндө билдиришип, үйүнө кайтышкан. Сузакта кырдаал менен таанышып жүргөн Төлөйкан Исмаилова 29- майда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жергиликтүү бийлик учурда убактылуу качкындар лагерин жайгаштырууга ыңгайлуу жер издештирүүдө. Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар уюмунун качкындар комиссариатынын жардамы менен өзбекстандыктарга качкындар макамын берип, үчүнчү мамлекеттерге жөнөтүү жагын караштырганы оң.