Украин президенти иш сапары менен Казакстанда жүрөт

Виктор Ющенконун бүгүн Астанага келген соң билдиргенине караганда, анын иш сапарынын башкы максаты- эки өлкөнүн газ, мунай чөйрөсүндөгү кызматташтыгын кеңейтүү. Ющенконун пикиринде, Казакстан менен Украина ошондой эле аэрокосманавтика, аскерий жана айыл -чараба өндүрүшү тармагында да алакасын өнүктүрүшү абзел.

Эл аралык кечки кабарларды Прагадан Улан Алымкул уулу даярдады