Жалалабаддын нааразы атуулдары бийликке кайрылуу жолдошту

ЖАЛАЛАБАТ. Нааразылык акциясын эртең менен баштаган 60тай адам өз кайрылуусунда 2003-жылы 18 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылган сегиз жигитти бошотуп берүүнү жана буга чейинки арыз-даттанууларына жооп алууну талап кылышты. Өз кайрылуусунда облустук жана Жалалабат шаардык ички иштер кызматтарынын имараттарын 2003-жылы 15-майда ээлеп алган жарандар Аскар Акаевдин бийлигин кулатуу жана кыргыз элин кулчулуктан бошотуу үчүн ушундай тобокел иш жасаганы менен эч кимге залал келтирбегендигин белгилешти. Буга дейре төрт жарым миңден ашык адамдын атынан бийликке жиберилген арыз-даттанууларына жооп болбогондугуна нааразылык билдиришти. Алардын айрымдары талаптары аткарылбаса өздөрүн өрттөөгө барарын айтышты. Пикетчилердин арасында 15 жаш бала бар.